Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Ачуусу келүү, сурдануу, жаалы келүү, каардануу. Дүйшөндү кармап тура албаганыма арданып, байкемдин түгү чыккан бетине дит багып карай албадым (Жусупов). Абил бий ар кимисин бир теше тиктеп, бетинен түгү чыгып отурду (Касымбеков). Кудаймендинин бетинен түгү чыгып түктүйүп отурду (Укаев). 2. Корккон, чочулаган, бир нерседен сестенген абалда болуу. Ээр үстүндө үрпөйүп, бетинен түгү чыккан балага күлүктү мингизди («Ала-Тоо»). В.: Бетинен түгү көрүнүү. – Эмне, бирок, – деди ал бетинен түгү көрүнүп (Бердикеев). Бетинен кара түк чыгуу. Чынаркандын бетинен кара түк чыгып, балбылдаган чоң көздөрү эчтемени көрбөй тунарып, ичи күйүп, алапайын таппай баратты (Абдукаимов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Ачуусу келүү, сурдануу, жаалы келүү, каардануу. Дүйшөңдү кармап тура албаганыма арданып, байкемдин түгү чыккан бетине дит багып карай албадым (Жусупов). Абил бий.. ар кимисин бир теше тиктеп, бетинен түгү чыгып отурду (Касымбеков). Кудаймендинин бетинен түгү чыгып түктүйүп отурду (Укаев). 2. Корккон, чочулаган, бир нерседен сестенген абалда болуу. Ээр үстүндө үрпөйүп, бетинен түгү чыккан балага күлүктү мингизди («Ала-Тоо»).